www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио COVID-19 вирусу Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан тараган деген теорияны колдой турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Менин оюмча, мага белгилүү болгон маалыматтарга негизделип айтсам, Кытайда вирус менен ашыкча ойноп коюшкан. Бирөө аны лабораторияда жуктуруп алып, кийинчерээк Кытайга, андан соң бүт дүйнөгө жайылган", – деди Рубио журналист Кэтрин Херриджге берген маегинде.
Январь айында АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) да лабораториядан вирус чыгып кеткен деген теорияны колдой баштаган.
Буга чейин америкалык конгрессмендер эки жылдык иликтөөнүн жыйынтыгында коронавирус эң чоң ыктымалдуулук менен лабораторияда пайда болуп, андан кийин тараганын билдиришкен. Докладда "COVID-19 вирусу Кытайдын Ухань шаарындагы лабораторияда пайда болгон болушу мүмкүн" деп жазылган.
АКШ буга чейин коронавирус кайдан чыкканын иликтөө боюнча расмий жарыялаган, андан кийин Ухань институту америкалык өкмөттүн көңүл чордонунда калган. Андан соң АКШ бул изилдөө мекемесин кызматташуудан баш тартты деп айыптап, керектүү документтерди бербей жатканын билдирген.
АКШнын чалгындоо кызматтары коронавирус эки жол менен пайда болушу мүмкүн деп эсептешет:
1. Кытай лабораториясынан вирус чыгып кеткен,
2. Вирус жаныбарлар аркылуу адамга жугуп кеткен.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 2021-жылдын март айында Уханьга барып, вирустун келип чыгышын иликтеген эл аралык эксперттер тобунун толук отчетун жарыялаган. Анда лабораториядан вирус чыгып кеткен деген версия "өтө күмөндүү" деп бааланган. Ошондой эле COVID-19 вирусу адамга жарганаттардан башка бир жаныбар аркылуу жуккан болушу мүмкүн экени айтылган.
ДСУнун миссиясы вирустун адамга түз жукканы тууралуу версияны "мүмкүн же ыктымал" деп сыпаттаган. Ошондой эле вирус муздатылган азыктар аркылуу тараган болушу да мүмкүн экени белгиленген.