www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Рух Ордо” борбору мамлекетке өттү

Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борбору мамлекетке өтүп, бюджетке дагы 537 миллион сом кайтарылганын кабарлады. “Рух Ордо” туристтик-экскурсиялык борборун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан 18-декабрда мамлекетке өткөрүп берген. Ал уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен 21-ноябрда кармалып, УКМК ага “кылмышка шериктеш болгон” деген айып таккан. Александр Сандын адвокаты же жакындары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек.

“Рух Ордо” - Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ачык абадагы музей. Комплекс 10 чакан музейден турат. Ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдары, ондогон айкелдер жана жүздөгөн сүрөттөр бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости