www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы президенти Дональд Трамп, эгер кайрадан президент болуп шайланса өлкөдөн иммигранттарды жөнөтүү убадасын дагы бир жолу айтты.
CNNдин кабарына караганда, Трамп шайлоо өнөктүгүнүн Невада бөлүгүндө иммигранттар тууралуу билдирүүлөрдү жасады.
Иммигранттардын «АКШны басып алганын» белгилеген Трамп, эгер президент болуп шайланса иммигранттардын «өлкө тарыхындагы эң чоң депортацияга» туш боло турганы тууралуу убадасын кайталады.
Иммигранттарга байланыштуу саясаттардын кеңейтилерин кабарлаган Трамп: «Федералдык күч түзүмдөрүнүн чоң бөлүгү иммиграцияга тиешелүү бөлүмдөргө өткөрүлөт, ал эми өлкөнүн тышындагы күчтөрдүн бир бөлүгү түштүк чек арага тартылат», - деди.
Булак: NazarNews.kg