www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул боюнча «РИА Новости» агенттиги "Русгидро" Кыргыз Өкмөтүн Гаага сотуна берээрин эскерткенин, компаниянын башчысы Николай Шульгиновго шилтеме кылуу менен жазып чыкты. Анда белгилүү болгондой, "Русгидро" жакында Кыргызстандагы Жогорку-Нарын ГЭСтеринин курулушу боюнча келишимдин токтотулушу боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы жатыптыр.

Бул боюнча Шульгинов: «Кыргыз тараптын чакыруусу менен эртең-бүрсүгүнү биздин делегация сүйлөшүүнү улантууга барат. Албетте, биз жакшы жыйынтыкты күтүп жатабыз. Бирок, ошол эле маалда эл аралык Гаага арбитраждык сотуна кайрылуу боюнча да иштерди алып баруудабыз. Бул боюнча кыргыз тарапка айттык. Материалдар туруктуу третей сотуна жөнөтүддү. Андан ары арбитрлердин курамын тандоо болуп, андэн соң доо арыз даярдалып, сотко тапшырылат" - деп билдирген.

Булак: "Фабула"

Последние новости