www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүз келечекте көптү үмүттөндүргөн жаштардан уучу куру эмес. Сайтыбыздын бул жолку маектеши Руслан Байдылдаев өзүн ар тармактан ийгиликтүү сынап келе жатат.

--Руслан мырза, кеп башын жумурай журтка өзүңүздү тааныштыруу менен баштасаңыз?

--Алгач жалпы замандаштары ыйык рамазан айы менен куттуктап кармаган орозолору кабыл болушуна тилектешмин. Касиеттүү Кочкор районуна караштуу Мантыш айылында 1993-жылы жарык дүйнөгө келгем. Бактылуу балалыгым, кайрылып келбес окуучулук күндөрүм аталган айылда өттү. Мектепти аяктаганыма жети жылдын жүзү болуптур, учурда Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин аяктоо алдында турам.

--Сөзүңүзгө караганда студенттик жашоонун даамын кеч таткан окшойсуз?

--Туура айтасыз, шартка байланыштуу мектепти аяктагандан соң үч жылдан кийин студент болуу бактысы насип этти. Борборго келген алгачкы жылдары ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Жашоомо бурулушту агам Амантур жасады. Студент, журналист, тамада эле кылбастан негизгиси адам кылды. Билимим келечекте эл керегине жараса деп тилейм.

--Буга чейин кадыр барктуу гезитте журналист, бакыйган гезитте башкы редактор болуп эмгектендиңиз. Бирок, акыркы учурда журналистик ишмердүүлүгүңүз токтоп калгандай?

--Төрт жылга чукул убакыт журналистик кесипти аркалап анын бир жылга чукул убактысын "Мантыш" гезитине башкы редакторлук кылуу менен өткөрүптүрмүн. Бул жылдар аралыгында коомчулука ар тараптан иликтеген кабарларды жеткирүү менен бирге өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө аракеттерди жасадым. Ийримди түзөп, билбегенемди үйрөтүп колдоп келген жалпы кечиптештериме ыраазымын. Өткөн жылдын соңунда окууга көбүрөөк көңүл бөлүү үчүн гезиттердеги жумуштарды өткөрүп бергем. Журналистик кесип мен үчүн өтө маанилүү, кайрадан улантуу оюм бар.

--Акыркы учурда тамадалык өнөрдү да үзүрлүү аркалап келе жатасыз. Тамадалык сиз үчүн?..

--Элибизде "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" - деген жакшы кеп бар эмеспи. Элдин жакшылыгына жарчылык кылып, кубанычын тең бөлүшүү изги тилеги менен аталган өнөрдү аркалап келе жатам. Тамадалык мен үчүн кошумча жумуш жана эң башкысы тилеги жакшы иш.

--Келечекте кандай пландарыңыз бар?

--Алдыга койгон арбын максаттар бар. Алтын башыбыз аман болсо, билим деңгээлибиз жетсе эл үчүн кызмат кылып аз да болсо өлкөбүзгө пайда алып келсем деген тилегим бар.

Сөзүбүздүн соңунда каарманыбызга ийгиликтерди каламакчыбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости