www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Баарыбыз эле “дааватты тыят экен, туура эмес да” деп жатабыз. Ошол тыюулар боюнча маалыматыңыз барбы?

Баарына токтолуп олтурбай негизги мусулмандар үчүн керектүу өзгөртүүлөрүнө токтой кетсем.

1. 5-берененин 4-пунктуна “Мыйзамга ылайык эмес прозелитизм, өзүнүн диний көз караштарын жайылтуу максатында үйлөрдү, батирлерди кыдырууга, ошондой эле бардык мыйзамсыз миссионердик ишке тыюу салынат. Бул эрежелерди бузган жактар административдик мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат”.

2. 10-берененин 4-пунктунун 3-абзацы “Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же уставдык иштин шарттарын бузса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларга расмий эскертүү берүү, диний уюмдардын ишин токтото туруу, аларды эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүктү кайра суратып алуу жөнүндө чечим чыгарат”.

3. 21-берененин 1-1-пунктуна “Сауд Арабиянын аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыярат кылууга (ажы, умра) барууларын уюштуруу республикалык ведомстволор аралык штабдын көмөктөшүүсү менен жана дин иштери боюнча мамлекеттик органдын түздөн-түз координациялоосу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан ишке ашырылат.

4. 22-берене боюнча бир топ өзгөртүүлөр кирилип жатат. Кыскартып айтканда Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний китеп, аудио-видео материалдар алып келүүдө жана басма сөз, телеканал, радиоканал, телепрограммалар, радиопрограммалар, видео материалдар жана Интернет тармагына маалыматты жайылтууда дин иштери боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

Бул өзгөртүүлөргө маани бере турган болсок, алгач эле элибиздеги көптөгөн бузукулукка бөгөт коюп, Ислам дини таза жашоонун, биримдиктин, тазалыктын, берекенин кепилдиги экендигин далилдеп, канчалаган туура эмес жолдо жүрүшкөн инсандарды туура жолго алып келген дааватты тыюуга багытталганын баамдасак болот. Жана мамлекетибиздеги мусулмандардын расмий органы муфтият менен эч кандай эсептешпестен, өзүн өзү каржылап туруучу (муфтият - мамлекет тарабынан каржыланбайт) жалгыз каржы булагы болгон ажы, умра тармагын өз колдоруна алгылары келген. Соттун чечимисиз эле күбөлүктөрдү кайра алып коюу укугун алууну көздөгөн. Мындан сырткары, диний маалымат алуучу бардык тармакты өз алдынча көзөмөлгө алганы турушат. Расмий муфтиятыбыз, аалымдар кеңеши болгондон кийин алардын кеңеши менен иш алып баруу мамлекет үчүн оңой болмок.

Мындай учурда коомчулук өз пикирин интернет баракчаларынан, жолуккан жерлерде, олтуруштарда гана айтып тим болбостон тегерек стол сыяктуу иш-чараларды өткөзүп, мыйзамга кирип жаткан өзгөртүүнү талкуулап, анан бир чечимге келип, өз сунушубузду Жогорку Кеңештеги 5 фракциясына жолдосок деп турабыз.

Жакынкы аралыкта өтүүчү жайы, убактысы айтылат. Катышууну каалагандар үчүн эшик ачык болот. Катышууну каалагандар байланышуучу каражаттарыңарды калтырсаңыздар болот.
Жыйынды алып баруу милдети белгилүү коомдук ишмер, журналист Мыктыбек Ажы Арстанбек менен макулдашылды.

Руслан Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости