www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы чек араны «чечкич генералдар» кайсыл жерде эмне бар экенин билишпей «билбей берип салыпмын, кайра айтышканынан жарымын бердим» дешип жүрүшөт. Мындай пикирин саясатчы Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кыргыз мамлекетинде аз гана адамдарды чыныгы генерал деп таанысам, ошонун алдыңкы саптарында Исмаил Исаков турат. Анын чек ара боюнча айткандары абдан жүйөлүү. Себеби, Исмаил Исаков баштаган топ көп жылдар бою чек ара маселесинде кыраакылыгын көрсөтүшүп, жеринде өз көздөрү менен көрүшүп, архивдик материалдардын ар бири менен жакындан таанышып, ар-бир маселенин эртеңин дагы аңдап билген адамдар. Ушулардын күчү, көрөгөчтүгү менен көптөгөн маселелер токтолуп келген.

Азыркы чек араны «чечкич генералдар» кайсыл жерде эмне бар экенин билишпей «билбей берип салыпмын, кайра айтышканынан жарымын бердим» деп жүрүшөт. Бир жолу Ташкентке барып «30 жыл чечилбеген маселени чечип келдим» деп күпүлдөп жүрөт. Чек ара маселеси антип чечилбейт. Алгач комиссия Ташкентке барат, алардын кеп-кеңешин, сунушун угат. Анан кайра Бишкекке келип, билген, тажырыйбалуу адамдардын ортосуна салып кеңешет. Анан кошуна өлкөнүн комиссиясын Бишкекке чакырат жана кошумча-алымчалары менен сунуш берет. Ошентип, эки тарап бир жыйынтыкка келээрдин мурун ошол такталчу жерлерди жеринде көрүп чыгышат.

А биздики «100 га сураса, билбей туруп макул депмин» деп жүрөт.

Билбегениңди билгенден сураганыңдын уяты жок. Мамлекеттин бүтүндүгү, анын чек арасы «билбей» чечиле турган маселе эмес.

Баса, акыркы 1, 2 күндө чыныгы генералыбыз Исмаил Исаковго карата жалаа, дооматтар айтыла баштады. Кечирип койгула, бирок, Исмаил Исаков жер талашып, өмүрүн тобокелге салып жүргөндө, «кээ бир сынчылар» памперсиңерди булгап жүргөнсүңөр», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости