www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асанов Социалдык фонддун төрагасы болду

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы болуп Уланбек Асанов дайындалды. Бул туурасында аталган ведомствонун сайтына чыккан маалыматта жазылган.

Асанов Социалдык фонддо 2009-жылы төраганын кеңешчиси катары эмгек жолун баштап, көп өтпөй эле аппарат жетекчилигине дайындалган. Ал эми 2013-жылдан ушул кезге чейин төраганын орун басары болуп иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 19-ноябрында ошондогу Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевди УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кармаган. Ал кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп айыпталууда. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости