www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөрдүн Кыргызстандын көзөмөлүнө 100 пайыз өткөнүн жеңиш деп билем”, - деди бүгүн, 5-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Руслан Бекназаров.

- Центерраны кетирип, Кумтөрдү өзүбүз иштете турган болдук. Уттукпу же утулдукпу?

- Кумтөрдү өзүбүз иштете турган кылып, “Центеррадан” толук ажыратып алганыбызды жеңиш деп эсептесек болот. Себеби ар бир мамлекет өз байлыгына ээ болушу керек. Азыркы заманда кандай гана ишкана болбосун ар бир мамлекет өзү иштете алат.

Буюрса, өзүбүздүн тушообузду өзүбүз кесебиз. Кандай басып кетет, аны убакыт көрсөтөт. Кумтөрдү 100 пайыз мамлекет иштете турган болуп, Кыргызстандын көзөмөлүнө өткөнүн жеңиш деп билем.

Кен казууда кыйынчылыктар болбошу керек. Анткени, учурда кен казып иштеп жаткан адамдарга, техникаларга акча төлөнүп, жалданып иштеп жатышат. Жетекчилигинде эле өзгөрүү болбосо, ушул эле курамды кармап калып, иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Ошон үчүн Кумтөрдү мындан ары иштетип кетүү деле андай кыйынчылык жаратпайт деп ойлойм. Эң негизгиси, Кумтөрдү ажыратып алганыбызга кубанып жатам.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости