www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Кыргызстан менен «Центерра» компаниясы ажырашуу келишимине кол койду, Кыргызстан өзүнө таандык 26 пайыз акцияларын берет, «Центерра» анын баарын жокко чыгарат жана 2 ишкана – «Кумтор голд компани» менен «Кумтор оперэйтинг компании» – Кыргызстандын менчигине өтөт.

Ал үчүн «Центерра» Кыргызстанга 972 млн доллар берет жана башка да төлөмдөрдү кошкондо, Кыргызстан баардыгы болуп 1 млрд доллардан ашык акча алат. Жыйырма беш жыл ичинде канадалык компания бир жарым миллиард доллар салык жана башка милдеттүү төлөм жасап, 85 млн доллар дивиденд жазып берген, Кыргызстан болсо былтыр эле 7 ай ичинде 323 млн доллар киреше тапты.

Канадалык компанияны Кыргызстан өлкөдөн кууп чыкты десе болоор эле, анткени баардык соттор эми токтотулууга тийиш, бирок «Центерранын» айтымында, бул чечимди эми акционерлер жыйыны бекитиш керек, Онтарио штатынын соту же дагы башка үчүнчү тараптар эмне дээри да азырынча белгисиз, андан тышкары алар – Кыргызстан дагы эмне жасап жиберет деп коркот.

 

Последние новости