www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачуу чындык! Легитимдүү өкмөт башы Садыр Жапаров. Мындан ары өлкөдөгү ар-бир окуяга түзмө-түз жооп берет. Президенттин дагы колдоочулары бар. Президенттин сабырдуулугун коркоктук катары көрүп, улам чап сала бериштин кереги жок. Ханды коргоо вазирдин милдети. Мындай пикирин олутту жаш саясатчылардын катарын толуктап келе жаткан Руслан Бекназаров өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Ага кошумча, “Ханын коргой албаса, вазирликти эмнеге талашты? Эски аянтка чогулган эл Садыр Жапаров деп келишкен, Садыр Жапаровдун маселеси чечилди. Эми ошол эл Президенттин кетүүсүн талап кылганга өтүштү. Себеби эмнеде, эмне себептен кетүүсү керек? Бул эл Садыр Жапаровдун Президент кетем деди, кетиши керек деген кыйытма сөзүнөн соң ушундай жыйынтыкка келишти. Президент Садыр Жапаровго тоскоол болуп жаткандай түшүнүшүп жатышкандай. Жеке талабым жана кайрылуум Президент менен Премьер-министрдин сүйлөшүүсү ачык-айкын, абройлуу аксакалдардын катышуусунда болсун. Кимиси эмне дегенине биз дагы күбө бололу. Дагы бир жолу кайталаймын мындан аркы ар-бир окуяга Садыр Жапаров башында турган легитимдүү өкмөт жооп берет. Жоопкерчиликтен азыр качсаңар, элдин ишениминен эртели-кеч качасыңар”, - деп кошумчалаган Руслан Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости