www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Света айым кырдаалды көрүп турасыз, абал кандай болуп кетет?

--Өтө оор, абал кыйын болуп барат жатат. Өзүңүздөр билесиздер бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаров баштаган Өкмөттүн курамы бекитилди. Тилекке каршы мыйзам бузууларга алып келген күнөөлүүлөр мамлекеттик кызматка келип калды. Бул көрүнүш жакшылыкка алып келбейт. Бирок бул келген топ, айрымдар президенттин башын айлантып жатышат. Алардын арасында эптеп президентти кызматтан алып түшүрүп “камайбыз” деп билек түрүнгөндөр бар. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев кайрадан Өмүрбек Бабановго алданып калышат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов тымызын биригүүдө. Садыр Жапаровго айтаарым, этият болсун, бирөөлөргө алданып президенттин башын аттап кетпесин, бул өзүнө жакшылык алып келбейт. Алдыда жамандык болуп калышы мүмкүн. Анткени ал эскилерди кайрадан жыйнап алды. “Садыр Жапаровду 2-3 айдын ичинде саясаттан жок кылабыз” деген күч турат. Кайра буттан чалынып калбайын десе, президент менен бир команда болуп арканды узун таштасын. Анткени президенттин азырынча эл аралык деңгээлде саясатта орду бар. 

Жапаровду колдогон топ, кызуу кандуулукка алдырбашы керек. Ал жерде калп эле Садыр Жапаровду колдогон чагымчыл топ бар. Президентти мыйзамсыз кызматтан кетире турган болсо, Садыр Жапаров саясаттан өзү утулат. Президентти кетирбесин, арты жаман болот. Менимче Садыр Жапаров жаман - жакшыны көрүп кыраакы болуп калды, алданбаса керек. Кызыгы, бүгүнкү ызы-чуунун түпкү максаты башка, карапайым калк алданбагыла, мамлекеттин тагдыры талкаланганы турат. Ойлонгула кыргыздар, миңден ашуун кыргыз, бүтүндөй кыргыздын тагдырын талкалап койбогула. Бул көрүнүш мамлекетке жакшылык алып келбейт.

--Президент кызматын таштап кетип калса кандай болот?

--Президенттин мындай оор учурда кызматын таштап кеткени акылга сыйбаган иш. Жээнбеков кызматтан алынаары менен "камайбыз" деген күчтөр дагы жок эмес. Бекем болушу керек. 

--Пандемия кайталышы мүмкүнбү?

--Албетте, азыр дүйнөлүк кризис башталып жатса, булардын кресло алмаштырып жатканы уят. Албетте вирус күчөйт, мурдагыдай колунда барлар элге эми колдоо көрсөтпөйт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости