www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 9-декабрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Улуу Британиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин өкүлү Вэнди Мортон менен видеоконференциясы болуп өттү.
Сүйлөшүүдө министр Вэнди Мортонго Кыргыз Республикасы менен Париж келишиминин (2019-жылдын ноябрь айы) натыйжалуу ишке ашырууга багытталган иштери жөнүндө маалымат берди.
Мындан тышкары Казакбаев Улуу Британияга экология жана климаттын өзгөрүшү маселелеринде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болду.
Кыргыз тарап Улуу Британиядан калктын аярлуу катмарын (медицина кызматкерлери, мугалимдер, карылар) эмдөө үчүн коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоодо жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранганы да маалым болду.
Булак: NazarNews.kg