www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев Москвада Сергей Лавров менен жолукту

2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.В.Лавров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун чет өлкөгө биринчи чыгуусу болгон Россия Федерациясына расмий сапарынын жыйынтыктары ийгиликтүү болгондугун терең канааттануу менен белгилешти.

Министр Р.Казакбаев программанын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысы С.Н.Жапаров менен Россия Федерациясынын мамлекет башчысы В.В.Путиндин жемиштүү сүйлөшүүлөрүнүн болгонун, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын эки палатасынын жетекчилери В.В.Володин жана В.И.Матвиенко, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы М.Мишустин, ошондой эле Россиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Тараптар сапардын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлгандыгын позитивдүү белгилешти:
1) КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга;
2) КР Коргоо министрлиги менен РФ Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протоколго;
3) КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасына;
4) КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна.

Көрсөтүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибинин көп маселелери боюнча пикир алмашышты. Эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы аракеттенүү маселелерин карап чыгышты.

Кыргыз тарап жаңы коронавирус инфекциясына каршы аракеттенүүдө Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына көрсөткөн баа жеткис гуманитардык жардамы, өлкөнүн экономикасын финансылык колдоо түрүндөгү жардамы, Кыргыз Республикасында товарларды маркировкалоо жана товарлардын кыймылын көзөмөлдөө, салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу системасын киргизүү боюнча кайтарылгыс техникалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маектин катышуучулары баардык деңгээлде тыгыз байланыштарды сактоо, өз ара пайдалуу саясий диалогду бекемдөө, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, кең евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди илгерилетүү, ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендиги тууралуу бир пикирди билдиришти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Россия Федерациясына иш сапарынынын жыйынтыктары боюнча жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки мамлекеттин министерстволорунун жана ведомстволорунун ишин координациялоого жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз саясий консультацияларды улантууга макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлер ушул жааттагы тараптардын ортосундагы кызматташтыктын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүүгө багытталган, КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости