www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында (Швеция) ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.
Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын активдештирүү, ошондой эле кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү маселесине өзгөчө басым жасалды. Р.Казакбаев мурда жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. ЕККУ менен БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун шайлануучу органдарына, анын ичинде ТҮРКСОЙ сыяктуу маанилүү уюмга талапкерлерди өз ара колдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда келе жаткан дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу алдыдагы иш-чаралардын графигин карап чыгышты жана пландаштырылган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана иш-сапарларды талкуулашты.
Булак: NazarNews.kg