www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Мурзаева облус аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алды. Бул тууралуу облус өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыыйгарым укуктуу өкүлүнүн “3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү” жөнүндө атайын буйругу чыгарылган.
Ага ылайык 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Баткен облусунун аймагында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
Аталган бир айлыктын алкагында Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Мурзаева облус аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алып материалдык жардам көрсөттү.
Жалпысынан материалдык колдоо, облус аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыптандыруу борборлоруна, мектеп интернаттарына, жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине көрсөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 20 796 ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.
Алардын ичинен 18 жашка чейинки майыптар - 2798, жалпы ооруунун майыптары- 1041, бала чагынан майыптар 2886, социалдык фонддо каттоодо турган майыптар-14 071 жаранды түзөт.
Булак: NazarNews.kg