www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 379 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 120 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 81, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 15 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 527 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 140, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 104, Ош облусунда – 36, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 41, Жалал-Абад облусунда – 86, Баткен облусунда 72 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 305 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 41 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 719 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 76 миң 391 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 68 миң 894 киши айыгып чыкса, 1 миң 306 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg