www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Айрыкча азыркы шаардык жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна аттангандардын көпчүлүгү мурда бийликте отурган чиновниктердин, олигархтардын балдары болуп жатат. Коррупционерлердин экинчи мууну келе жатабы?

- Мурунку саясатчылар эл алдындагы өз жүздөрүн жоготкондон кийин балдарын өздөрүнүн ордуна сунуштап, шайлоого катышуусуна шарттарды түзүп берип жатат. Олигархтардын, мурда бийликте отургандардын балдары катышууда. Чынында экинчи муундагы коррупционерлердин балдары өсүп келе жатканы жашыруун эмес.

Себеби, эртең алар шаардык кеңешке депутат болуп келишсе, алардын бири мэр болуп калышы да мүмкүн. Булар келечекте бир туугандарынын, ата-энесинин, жакындарынын бизнестерин коргошуп, өз кызыкчылыктары үчүн гана иштешет. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген кеп бар. Атасынын, жакындарынын колдоосу менен баргандар сөз жок ошондой ишке барышат. Ал эми элден чыккан кадрлардын акчасы жок. Акчасы көптөр элди сатып алып, кайра ал каражаттарын жеп-ичип чыгарып алат. Ошон үчүн сөзсүз түрдө люстрация мыйзамы керек.

Тазалануу мыйзамдарында чиновниктердин өздөрүнө гана эмес, балдары, туугандары да бийликке киришпес болушу шарт. Люстрацияга киргенден кийин кадр тандоо мыйзамын жандантып, депутаттыкка бара турган адамдар эл ичинен чыгышы зарыл. Дагы бир айта турган нерсе, мурда жергиликтүү кеңештерде он жылдап отурган депутаттар кайра эле шайлоого барып жатканына күбө болуп жатабыз.

Алар бүгүнкү күнгө чейин эч жыйынтык көрсөтө алышкан жок. “Кайра эле барып уурдайм” деген ниет менен келе жатышат. Буга бөгөт коюп, жергиликтүү кеңештерге эки жолу шайланууга гана укук берип, башкалардын шайлануусуна да жол берели. Эч нерсе колдорунан келбегенден кийин сөзсүз түрдө аларга чектөө киргизишибиз керек.

- Учурдагы коррупция менен менен күрөшкө алымсынбагандар арбын...

- Коррупция менен күрөш тандалмадай эле көрүнүүдө. “Кимдин акчасы көбүрөөк экен, суммасын төлөп коюп, кайра иштерин уланта берсе болот” деген ойдо калтырышууда. Алар миллиондоп төлөсө да аз эле сумманы кайтарышат, бирок миллиарддарды алып жатышат. Күрөш мындай болбош керек. Коррупциялык күрөштө жазасын алыш керек. Күрөш башталганда күчүн көрсөтүп, чиновниктерди тандабай баарын титиреткенде, балким бир жыйынтык болмок.

Балким, Кытайдын карызынан кутулуп калмакпыз. Чиовниктерге бирдей мамиле болгондо, экономикабызга чоң салым болмок. Азыркы күрөш – күрөш эмес, жасалма көрүнүш болууда...

Булак: Азия News гезити

Последние новости