www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--“Кумтөрдөн алтын эле эмес күмүш дагы чыгат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

“Негизи Кумтөр боюнча кыргыз эли, комиссия баары эле алтын жөнүндө сөз кылып жатат. Эмне үчүн ал жердеги күмүш тууралуу сөз козголбойт. Жалпы коомчулукка ачыктап айтып койоюн, баары билиши керек. Кумтөрдө алтын эле эмес күмүш дагы чыгат. Мен депутат кезимде бул боюнча аябай изилдегем. 63 тонна күмүштү “Кыргызалтын” саткан. Бирок, ошонун 63 сомун дагы мамлекетке берген эмес. Бири дагы текшерип коюшпайт. Мындан сырткары миллиондогон күкүрт бар. Колдоно турган коңшу Кытай мамлекети турат. Эмне үчүн бул жагы дагы каралбайт белгисиз”, - дейт саясий ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости