www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө жылына 7 миллион адам кир абадан каза болот. Бул көрүнүш 10 жылдан кийин улуттук коркунучка алып келет. Көйгөй белгилүү, муну жалпы чечишибиз керек жана чечим таап чыгышыбыз керек. Мындай пикирин Рустам Момунов билдирди.

Ал Бишкек жана Ош шаарларында ышты азайтуу үчүн атайын сунуштары бар экенин, университетте Бишкек шаарын СО2 ден тазалап чыпкалоо боюнча долбоор жазганын билдирди.

Төмөндө аталган долбоордун өзөгү менен тааныша аласыздар:

-- Бул метод абасы эң кир, өндүрүшү өтө көп өлкөнүн абасын 10 жылда 60% тазалап чыгарган.

1. Эко козу карын - бул CO2 тазалоочу – атайын аппарат менен жабдылган күн энергиясы менен иштеген көчө чырагы үчүн компакттуу дизайн. Дизайн козу карындардын био жетеги менен жасалган. Бул жасалма козу карындын төрт багыттуу LED көчө чырактары жана абаны тазалоо системасы (APS) бар. Аны сейил бактарга, имараттардын ички жарыктандыруусуна колдонсо болот.

2. Траспорт жол чыкрактарына орнотула турган вертикалдуу огу бар мини шамал турбиналары жеңил желден жана өтүп бара жаткан унаалардын аба агымынан да электр энергиясын өндүрө алат. Шамал сокпогондо да энергия чыгарат. Муну шаардын негизги көчөлөрүнө орнотсок, андан өндүрүлгөн электр энергиясы менен кечиндеси жол чырактарга колдонуу аркылуу электр энергиясын үнөмдөсөк болот.

1-артыкчылыгы: СО2, абадагы булганган зыяндуу заттарды чыпкалайт. Адамдын ден соолугуна таза абаны камсыз кылып берип турат. ДСУнун маалыматтында жылына булганган абадан 7 миллион адам өлүмгө учурайт экен.

2-артыкчылык: Өнөр жай ишинде, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, имараттарда жана транспортто таза энергияны жана энергетикалык натыйжалуулукту пайдаланууну жогорулатууга багытталган инновациялык үнөмдүү, ден соолукка пайдалуу болуп бере алат.

3- Эко козу карын жана Вертикалдуу огу бар микро шамал турбиналарынын өзгөчөлүгү:

• Жергиликтүү калктын баары колдоно алышат;

• Реконструкциялоо долбоору, турбиналары учурдагы инфраструктурага туура келет;

• Куруу жана орнотуу арзаныраак;

• 360 айланасындагы абаны бардык бурчтардан кир абаны жыйнай алат;

• Кайра иштетүүгө болот;

• Шамал болбосо да электр энергиясын өндүрө алат;

• Акылдуу сенсорлор майдаланган локацияланган маалыматтарды чогулта алат;

• Биз Кыргызстанда арзан, таза энергия менен иштетип, адамдарды отун жакырчылыгынан алып чыгып, энергетикалык жакырчылыкты артта калтыра алабыз.

• Жолдор, көпүрөлөр, имараттар, уюлдук мунаралар жана башка жашыл электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонушу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстандын бийик тоолу жерлеринин кээ бир жерлеринде уюлдук телефон байланышы жок. Антенанын апаратына орнотсо бийик тоодо тынымсыз шамал болуп турат. Эч кандай электр чубалгысын тарпастан электр энергиясын өндүрүп бере алат.

• Мектептер, ооруканалар, ишканалар жана үйлөр кайра жаралуучу булактардан энергия ала алышат.

• Ар бир адам баардык жерде ыңгайлуу багытта колдоно алышат, - деди Рустам Момунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости