www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буту-колу чыгып же сынган учурларда рентгени жок эле оордуна салып, же майда сөөктөрдү орду-ордуна чогултуп, шак-шак коюп таңып айыктырган табыптарды бүгүн да кезиктирсек болот. Бул тууралуу коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

- Ал эми табыпчылык билими жөнүндө да учкай сөз кылсак…

- Кыргыз табыпчылык билими өтө бийик деңгээлде болгонунун себеби – бул билим жүз миң жыл турмуш тажрийбадан табылган билим! Бул билимге негиз болгон түпкү түшүнүктөр: - “адам табият менен ажыратылгыс бир бүтүндүктө гана ден соолукта болот”;

- “адам денеден жана жандан турат” (жаным ооруп турат, жаным жай албай турат, жаным жанчылып турат, жаным кейип турат, жаш - карыйт, жан - карыбайт, жаны көзүнө көрүндү, жаны чыгып кетти ж.б.);

- «жан табият менен болгон теңсалмактуулугун жоготсо – жин ооруга айланат»;

- «бир эле оору айыкпайт, ал ажал»;

- «оорунун баарына табияттын өзүндө дары бар (аны табуу гана керек)»;

- «чоочуп калыптыр, көз тийиптир, жүрөгү түшүптүр, эси ооптур, киринелеп калыптыр, эпкин уруптур, ж.б. түшүнүктөр кыргыз адамды терең тааныганын чагылдырат»;

- “адамдын ички дене мүчөлөрүнүн абалын тамыр сокконунан аныктаса болот”;

- “ачуулу, ичи тар, ачкөз, арамза кишилер көбүрөөк ооруга чалдыгат”.

Кыргыз табыптар көп учурда тамыр кармап анан жеген тамак-ашын өзгөртүп эле (дары бербей) сакайтып койгон.

Күчтүү дары катары кыргыз пайдаланган: уу коргошун, ак кодол, адырашман, чекенди, ит мурун, күч ала, гүр ала, катраң, уулжан, кийик от, алтын тамыр, карышкырдын өтү, ак кажырдын өтү, аюунун өтү, уулу жылан, мең дубана, кашкулактын майы, суурдун эти, майы, сары май, куйрук май, төөнүн өркөчү, көгүчкөндүн өтү, балыктын өтү, жыландын өтү, сай сагызгандын эти (сай сагызган учканда асманга тик атырылып учат, бир дагы канаттуу мынчалык тик атырылып уча албайт).

Өз башымдан өткөрүп, терең тааныган адам катары бышык айта алам: кыргыз табыпчылыгы кытай, тибет медицинадан ашса ашат, бирок кем калбайт.

- Салыштырып айтканда тибет, кытай медицинасы колдонбогон ыкмалар барбы кыргыз табыпчылык билиминде?

- Бар. Алар: учуктоо, жан берүү, эмдөө (көз тийгенде, чоочуганда, жүрөгү түшкөндө - жүрөгүн көтөрүү, тирсек чыкканда), теңдөө - баш ооруганда, төрөттө - куучу, дем салуу ж.б.

- Хирургия тармагы кыргыз табыпчылык билиминде бар беле?

- Кара-Суу дөбө маданияты дооруна (3200 жыл илгери), сак-усун дооруна (2500 жыл илгери) таандык дөбө мүрзөлөрүндө баш сөөгүнө алтын кадалган адамдар табылган. Наркоз катары апийим берип, башынан жарадар болгон учурда баш терини ачып, жаратын тазалап, алтын кадап, кайра терисин кыл менен тигип койгону аныкталган.

Ал эми буту-колу чыгып же сынган учурларда рентгени жок эле оордуна салып, же майда сөөктөрдү орду-ордуна чогултуп, шак-шак коюп таңып айыктырган табыптарды бүгүн да кезиктирсек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости