www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышында 12 миллиард долларга бааланган 150 миллион баррел таза мунай кору бар кен табылганын жарыялады. Бул тууралуу "Прайм" басылмасы билдирди.

Мунай кени Ширнак провинциясындагы Габар тоосунун аймагында табылган.

"Бул 2022-жылы жээкте табылган эң чоң он кендин бири", - деген Эрдоган.

Анын айтымында, запастардын баасы болжол менен 12 миллиард долларга бааланууда. Анкара 2023-жылы Түркиянын жүз жылдыгына карата табылган мунайдын күнүмдүк өндүрүшүн 100 миң баррелге жеткирүүнү максат кылууда.

Учурда республикада көп сандагы сейсмикалык изилдөөлөр, бургулоо иштери жүргүзүлүп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун ыкмалары активдүү колдонулууда

Булак: NazarNews.kg

Последние новости