www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалгыздык тууралуу видеого тарткан казакстандык койчу балага iPhone 12 белекке берилди.Бул тууралуу Charity.kz билдирди.

Казакстандык ЖМКлар Кызылорда облусунун @sakoshh_tv2 каймана аты бар тиктокер айылдагы жашоону чагылдырган видеолорунун аркасында популярдуу болуп жатканын белгилешти. Чабан өзүнүн демейдеги күнү эмнеден турганын видеого тартат. ТикТокто анын видеолору миллиондогон көрүүлөргө ээ.

Видеолордун бири өзгөчө таасирдүү болуп, көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Анда Тойбек муңдуу музыканын коштоосунда туулган күнүнө торт жасайт. Туура саат 00.00дө бала шамды өчүрүп, көзүнүн жашын сүртүп, мышык менен уйкуга кетет.

Видео жарыялангандан кийин кайдыгер эмес жарандар акча чогултуп, өспүрүмгө телефон жана штатив тартуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости