www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жол министри Тилек Текебаев пиарды катырган менен ишти жөндөй албаган шалаакы, жоопкерчиликсиздигине нааразы болгондор көбөйдү. Өзгөчө Түндүк-Түштүк каттамынын кан тамыры болгон жолдогу Төө-Ашуудагы тоннелдин канча убакыттан бери бүтпөй жатканына кыжырлангандар арбын.
Министрдин мажүрөөлүгүнүн кесепетинен үч километр тоннелдин жолуна асфальт басылбай, эки айдан ашуун убакыттан бери күнүнө жол жабылып эл кыйналып бүттү.
Буга байланыштуу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков дагы өзүнүн Фейсбук баракчасына Төө-Ашуудагы абал боюнча кайрылуу жазды.
Момбеков өз сөзүндө : "Урматтуу транспорт министри Тилек мырза, сиздин министрликтин берген маалыматы боюнча Төө-Ашуудагы киргизилген чектөөлөр 18-июлда алынмак экен. Бирок бүгүн 20-июлда дагы деле тоннелди таң эрте жабып салганын кандай түшүнсөк болот ? Ары-бери каттаган карапайым эл, эки сааттан бери эч себепсиз күтүп турушат. Кошумча маалымат берип койсоңор болмок да, "чектөөлөр узартылды" дегендей?! Экинчиден, сиз 10-июлда "эки жумада бүткөрөсүңөр асфальт төшөп" деген тапшырмаңыздын канчалык аткарылганын билсеңиз керек? Пиар эле кыласыңар, элдин кыжырын качан тыясыңар?!", - деп жазды.
Жол тыгында калышкан жүргүнчүлөр дагы, тоннелдин оңдоп-түзөө, асфальт-бетон басуу иштери өтө жай жүрүп, болгону 4 эле адам иштеп жатканын айтышып, Транспорт министрлигинин ишине ичи чыкпагандарын ачык айтышты.
Булак: NazarNews.kg