www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келерки аптада Түркияны ысыктын жаңы толкуну каптайт, бул өзгөчө өлкөнүн батышына жана популярдуу курортторго таасирин тийгизет. Бул тууралуу түркиялык Yeni Şafak басылмасы жазып чыкты.
Аба ырайынын болжолдоосуна ылайык, өлкөгө 27-июлга чейин жете турган ысыктын экинчи толкуну температуранын рекордун жаңыртышы мүмкүн. Тактап айтканда, Стамбулда абанын температурасы +38 градуска чейин жетет. Чанаккаледе +40, Айдында +42, Измирде +39, Анталияда +41, Анкарада +35 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Түнкүсүн бир аз салкыныраак болот, болжол менен +30 градус.
Белгилей кетсек, өтө ысык аба ырайы адамдарга гана эмес, токойлорго да коркунуч туудурат. Өлкөдө азыртадан эле көп сандаган токой өрттөрү күч алууда, алар көзөмөлгө алынбаса, шаарларга коркунуч туудурушу мүмкүн. Мындан тышкары уюмдарда жана калкта кондиционерлердин колдонулушуна байланыштуу электр энергиясын керектөө рекорддору өсүүдө.
Булак: NazarNews.kg