www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул «Өктөбүр тополоңу» көптөгөн эски-жаңы саясатчылардын чыныгы жүзүн ачып берди. 3-4 күнгө созулган башаламандыкта алар бийликке жетүү үчүн элди дүңүнөн эле өрткө салып жибергенге даяр экендиктерин көрсөтүштү. Бири-бирин «сен коррупционерсиң, уурусуң, коркоксуң» деп келгендердин баары бириге да калышты. Айтор, ичтериндеги арам ойлорун, сасыткы пландарын элге билдирип алышты. Натыйжада алардын бири дагы эл тарабынан колдоо тапкан жок.
Мына ушул тополоңдо депутат Рыскелди Момбеков да өзүнүн мурдунун учунан алысты көрө албастыгын (мурду чоңдугунан уламбы, айтор) далилдеди. Анын Өмүрбек Бабанов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүнүн аудижазуусу интернет айдыңына тарады. Ошол аудиодон Р. Момбековдун чыныгы деңгээли жана чыныгы ниети билиниптир. Анын сүйлөгөндөрүн сөзмө-сөз кайталоого да маданияттуу, акыл-эстүү адамдын дити барбайт. Элди түндүк-түштүккө бөлгөн анык трайбалист экенин билдик.
Ал сүйлөшүүдө Момбеков Бабановдон канча киши алып чыгып жатканын сурап, өзү болсо Кой-Ташка чыгып жатканын айткан. Анан дагы «АША деген АША да» деп Атамбаевди жерге-сууга тийгизбей мактаганын уктук.
Эми ошол аудиожазуу тууралуу үн каткан Рыскелди мырза бети-башы кызарбай туруп эле танып жатат. «Мен Бабанов менен сүйлөшкөн эмесмин, анын номурун да билбейм. Кой-Ташка да барган эмесмин. Эгерде менин Кой-Ташка барганымды, Бабанов менен сүйлөшкөнүмдү ким далилдеп берсе, ага каалаганын берем» дейт.
Албетте, Момбековдон «бетиң барбы?» деп суроонун өзү орунсуз. Анын бети эбак бетон болуп калганы белгилүү. Мурдун да балта кеспейт. Эгерде мунун ордунда уят-сыйыты бар башка бирөө болгондо, «уятым чыгып калды» деп өзүн-өзү асып салмак. Жигиттик намыс, элге-жерге, мамлекетке болгон урмат-сый жана сүйүү болбосо, жөн гана байлык, мансап деп жашап калса ушундай болот экен да.