www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Референдум тууралуу мыйзам долбоорунун автору ким экенин билебиз. Капталдан чыга калганды жакшы көрөсүз да. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боёнтуп алып тойго ээрчитип барып «менин аялым» десе, эл ишенеби? Эч ким ишенбейт» – деди бүгүн, 9-декабрда депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын жыйынында мыйзам долбоорунун демилгечиси Акылбек Жапаровго кайрылып.
«Бачым кабыл алынган мыйзам бул мойнунан байланган итке окшош да. Эми биз баарыбыз мыйзамды буздук. Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып, кабырга салып жатпайбызбы.
Банкрот болгон бактыбызды балталап жокко чыгарып жатпайбызбы. Элге парламенттик же президенттик башкаруунун кереги жок. Баш мыйзам алмашкандан, элдин жашоосу алмашпайт.
Байлардын эле жашоосу алмашат, байкуштардыкы алмашпайт. Эл эки сом да пайда көрбөйт, элита көрөт. Эми муну «заказной» деп айтып жатасыңар. Венеция комиссиянын корутундусу «заказнойбу»?
Венециялык комиссия азыркы чакырылышты «силердин мөөтүңөр да, дөөлөтүңөр да жок» деп айтты. Эмне себептен ал комиссиянын корутундусун эске албайбыз? Биз бир эле Жапаровдун сөзүн укпайлыбы? Же экинчи Жапаровдун сөзүн уга беребизби?» – деди депутат.
Ошондой эле Момбеков өкүлү элге акыйкат бийлик менен акылдуу парламент керек экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg