www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Рыскелди мырза, айылың боордош казактарга жакын эмеспи, кабатырланып атасыңбы? Канчалык деңгээлде бу күндөрү санааркадың?

-- Чынында эле түнү менен уктабай телевизорду теше тиктеп отурдум. “Боордош элибиз эмне болуп кетти?” деп. Бала кезде биздин айылга чектеш казактардын жеринде көп жүрдүм, иштеп да калдым. Анан канткен менен кабатыр болот экенсиң.

Сиз айткандай, санааркай турган жагы бар. Биздин кыргыз элинде түшкө жакын эл чогулуп баштайт, күн кечтеп, иңир кирер маалда ажо отурган Акүйдү алып, элге жакпаган, элдин үнүн укпаган бийликти алмаштырып жаны тынат, туурабы? Анан ар кандай ойлор келет, “казактарчы?” деген. Албетте, коңшу элиң тынч болсо, коногуң көп болот эмеспи (чет элдиктерди айтып атам).

-- Боордош казак элинин азыркы жагдайы кыргыздарга кандай таасир бериши ыктымал?

-- Менимче, таасири эки жактан: материалдык, моралдык жагы дегеним. Моралдык жагы – жашоодогу жандүйнөнүн жакырдыгына, каатчылыктагы карапайым калктын караңгылыгына, аң-сезимдин аңкоолугуна таасир берип, кадимкидей эле элди бир жолу силкинтет.

Экинчиден, канатташ элдеги капсалаң мындан ары уланып, чек ара жабыла турган болсо, экономикалык жактан да чоң таасир этет. Анткени, биздин Россияга кете турган транспорт жолдорубуз жабылып калса оорлошот.

Чек аралар жабылгандан кийин бизде бир топ кыйынчылыктар жаралат. Экинчиден, бизге Россиядан келаткан товарлардын баары Казакстан аркылуу келгендиктен, экономикалык коллапс пайда болуп калат. Ошол эле күйүүчү майлар, жаратылыш газы ж.б.

Ошол коридор жолдор жабылып атса, эшиктен үйгө кирбей калган баладай болуп томсоруп атсак, зыяны тийет да, туурабы?

-- Абал канчага дейре созулушу мүмкүн?

-- Ал жактагы кырдаалдын эрте эле жөнгө салынганы биз үчүн ыңгайлуу. Экинчиден, эки элдин социалдык абалдары бирдей эле да. Ошондуктан, алардын жаккан оту, учкундары бизге да өтүп кетиши толук ыктымал. Мындай нерсени четке кагуу болбогон кеп.

Андыктан мамлекет мындай коогалаңды болтурбаш үчүн алдын алып, иштеш керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости