www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Улукбек Мариповго кайрылып, энергетика жана өнөр жай министри кызматына сунушталып жаткан Кубанычбек Турдубаевди сынга алды.

Момбеков: - Жоопкерчиликти жогорку киши алсын, сиз тобокелчиликти алыңыз. Менде сиздин өкмөттүн курагына маселе жок, курамына маселе бар. Айтыңызчы, энергетика министрин сизге ким сунуштады?

Марипов: - Энергетика министри — бүгүндү күндө президенттин энергетика боюнча кеңешчиси. Мен муну жакшы билем, биз муну кеңешип чечтик.

Момбеков: - Бул киши Темир Сариев премьер-министр болуп турганда кеңешчи болгон. Энергетика министрлигин жоюп жиберип, холдингди алып келген. Холдингдин эртеңки маселеси кандай болот?

Марипов: - Холдинг боюнча 1-2 мыйзамды өзгөртүшүбүз керек экен. 9 энергокомпания боюнча координалдуу өзгөртүүлөр болот. 27 директорлор кеңешинин ордуна 3 директорлор кеңеши болот. Алдын ала эсептөөгө караганда, ал жактагы оптимизациянын жыйынтыгында бир жылда 2 млрд сом каражат чыгып жатат.

Момбеков: - Эми өлкөнү 137 млрд сомго карыз кылган, «Чыгыш электродо» иштеген, «Түндүк электродо» орун басар болгон, министр болгон, эч натыйжа болбой, холдингди алып келип, 5 жыл эксперимент кылды. Холдингди камсыздоого 1 жылда канча акча кетет?

Марипов: - Мен азыр унутуп жатам, бирок холдинг боюнча бир топ жумуш жасайбыз, анткени ал 9 компаниянын үстүндө турат. Холдинг дагы, 9 компания дагы — акционердик коом. Ошондуктан сиздер менен кеңешип, структураны түзөбүз.

Момбеков: - Сиз билбесеңиз, мен айтып коёюн. Мурда Энергетика министрлигинде 73 киши иштечү, бир жылда 23 млн сом кетчү. Азыр 40 киши иштейт, 50 млн сом кетет. Эмне кереги бар эле? Канча кВт электр энергиясын өндүрүп чыкты холдинг?

Марипов: - Холдинг электр энергия өндүрбөйт. Тескерисинче бул ошол компаниялардын эсебинен жашайт.

Момбеков: - Эмнеге элдин эсебинен жашашы керек?

Марипов: - 27 директорлор кеңешин кыскартсак, ошолордун ордуна 3 директорлор кеңеши, ревкомиссия, мамлекеттик сатып алуу маселесин бир жерге алып келебиз буюрса.

Момбеков: - Эми бул чынында коррупциялык, мыйзамсыз түзүлгөн орган да. 5 жылда акча жегенден башка эч нерсе кылган жок да. Бул аппендицит да бюджетке.

Марипов: - Азыр Энергетика министрлиги түзүлсүн. Андан аркысын сиз менен кеңешип жасайлы.

Момбеков: - Тышкы карыздын 70 пайызы ушул энергетикага кетет, туурабы? 2 млрд доллар карыз кылды. Анан Ширшовдун схемасы, Ширшовдун адамы, Ширшовдун заманы келип, свет өчүп жатса, анан энергетиканы баткакка алып келип, тыгып койгон адамды алып келгенге кандай кажет бар эле? Энергетиканы билген башка кадр жокпу?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости