www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"АЗИЯnews" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ЖК депутаты Рыскелди Момбеков менен Эмил Каптагаев тууралуу 2009-жылдагы "Жинди күндөр" деген пикирин жазып чыкты.  

"Жинди" күндөр...2009-жылы президенттик шайлоо өттү. Атамбаев жыгылгандан соң, мен күз айларында Каптагаевди "Форумга" ээрчитип келдим, экөөнү табыштырдым. Ал "идеолог" катары бизде иштей баштады. Ошондо Рыскелди Момбеков ачууга алдырып, күн алыс кыжынып, "Каптагаевди урам" деп жаңжал салчу. Мен токтотуп койчумун... Кызыгы, бүгүнкү күндө Каптагаевдин тыңсынып, Атамбаевди шыбаганы кайсы логикага сыят? Эрксизден жылмаясың. Ошондо Рыскелдини тийгизбей койгон мен элем, себеби, биз бир команда болчубуз. Анан калса, Каптагаев "Учур" гезитине маалымат жазып турчу... Кыскасы, албууттанган Рыскелдинин "жиндилиги" унутулбайт экен да...деп жазган Аслан Сартбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости