www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын башынан бери Өзбекстан республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптары бузулган продукциялар келген. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жолу Өзбекстандан анар келген, анын ууланган экендиги аныкталган. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабораториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” анардын вирусу менен ууланганы аныкталган.

Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок.

Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциядан (курма, бий алма ж.б.) жараксыз фитосанитардык сертификат жана  кутусунда  этикеткасы жок экендиги такталган.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилишине тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине эгерде, мындай учурлар дагы кайталана берсе, өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн экендиги жөнүндө кат жөнөтүлдү.

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости