www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусу эле эмес, Кыргызстан боюнча эң эле коррупциялашкан район кайсы билесиңерби? Билбесеңер билип алгыла. Ал Сузак району.

Мындай ойго далай жагдайлар себепкер болууда. Жер менен байланышкан кыңыр иштер чачтан көп. Атабеков деген эле айыл өкмөтүнө барып сураштырып көргүлө. Андан калса, Таш-Булак айыл өкмөтүнөн кабар алгыла. Баса, анын мурдагы башчысы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаков жерлерди мыйзамсыз сатуу иши боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган.

11-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтында “Сузактын акими Омошевдин таянаар тоосу бир гана спортчулар” деген макала жарык көргөн. Анда Омошев Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду аэропорттон тосуп жатып, “Кичинекей Кыргызстанды дүйнөгө бир гана спорт таанытат” – деген сөзү сынга алынган. Бир гана спортчуларга таянып отура бербей, "силер, мамлекеттик кызматкерлер дагы иш кылсаңар" - деген өңүттө кеңешибизди дагы айтканбыз.

Көп өтпөй аким Эрмекбай Омошев кеңешибизди туура кабыл алып, Сузак району чынында эле дүйнөгө “дүң” деди. Дүйнөгө болбосо дагы түрк ааламына сөзсүз түрдө атагы чыкты, жада калса Сириялыктар дагы Сузак районун таанып калды көрүнөт. Кантип? Кадимкидей эле. Кечээ күнү Жогорку Кеңеште ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Стамбулда өлтүрүлгөн Кытай жараны Айэркен Саймаити Кыргызстандан мыйзамсыз паспорт жасатканын маалымдады. Аны Интерполдун линиясы боюнча издөөдө жүргөн Саймаити кайсыл райондон алган? Туптуура. Баягы эле атактуу Сузак районунан алгандыгы белгилүү болду. Ал эми аны өлтүргөндөрдүн экөөсү кыргызстандык деп божомолдонсо, үчүнчүсү божомолу жок эле таптаза сириялык болуп чыга келди. 

Паспортту мыйзамсыз берүү фактысы боюнча ИИМдин Тергөө кызматы 2019-жылдын июль айында Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. «Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А.га Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) жана 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, иш облустук сот органдарына жөнөтүлдү. Так что, Омошев биздин кеңешибизге кулак салып, районду, анан калса Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөтүп жаткандыгына терең ыраазычылык айтабыз...

Д.Өсөров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости