www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Жогорку Кеңеште сессия болууда. Бардык депутаттар сүйлөөрдүн алдында балдардын майрамын куттуктап, каалоо-тилек айтып кетишүүдө.

Ар бир эл өкүлү элдин көйгөйүн көтөрүүдө. Депутат Рыскелди Момбеков базарлардын мыйзамсыз жабылып калганы боюнча маселени көтөрдү. «Дыйкан» базарын жаап койдуңар. Соттун чечими жок эле милициялар барып, элди ур-токмокко алып, жаап жатат. Прокуратуранын чечимин эске алган жоксуңар. Мына мындай жосунсуз нерселердин артында ким турары билинип эле калды го - ал Өкмөт аппараты. Өкмөт аппараты рейдерлик саясатты токтотсун! Эгер ушундай жосунсуз көрүнүш боло берсе, анда мен Өкмөттүн кетүүсүн талап кылам!» деп ачууланып, Өкмөттөн келген өкүлдөргө эскертүү берди.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости