www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Рыскелди Момбеков пакистандык жарадардын өлкөдө көбөйүп жатканы боюнча маселе көтөрдү.
«Бул актуалдуу маселе болуп калды. Бостериге баргандар Исламабадга келип калдыкпы деп чочуп кетсе керек. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, июль-август айларында 7 жарым миң туристтик виза берилген. Азыр Чек ара кызматы 9 миң 900 берилген деп айтып жатасыңар. Ал эми ИИМ виза берүүнү убактылуу токтотконун жарыялады. «Манас» Эл аралык аэропортунун өкүлү 12 миң киши келди десе ТИМ 9 миң деп жатат. Кимиңерге ишениш керек? Ошондо 3 миң киши ашыкча болуп жатабы?», - деди ал.
Ошондой эле, өл өкүлү кошуна өлкөлөр мынчалык эшигин ачкан эместигин кошумчалады.
«Биз транзиттик-туристтерди кабыл алып, Орусиянын акараты бизге багытталгандай. Коомчулук коңгуроо какканда гана Коопсуздук кызматы кооптонуп кыймылдай баштады. Эмне үчүн буга чейин эле аракет кылбай, кеч кыймылдап жатасыңар», - деди.
Белгилей кетсек, Чек ара кызматынын өкүлү 1-январдан 31-августка чейин 9 миң 917 виза берилгенин эскертип, 1-сентябрдан баштап виза берүү токтотулганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg