www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Рыскелди мырза, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев экөөңүздөрдүн кайым айтышууңуздар бүгүнкү күндүн темасы болду. Бул тууралуу кандай комментарий бересиз?
--Мен жер жүзүндөгү адамдардын баары тууралуу жакшы пикирдемин. Адамдар тууралуу ар кандай кырдаалда ар кандай пикирде болуп каласың. Бүгүнкү кайым айтышууда жаман пикирде болдум. Негизинен улуу киши катары ал адамга сый мамиле менен карачумун. Бирок бүгүнкү кошоматчылылыгы, андан мурунку кошоматчылыгы парламенттин бейнесине жаман пикир айттыртып жатканы үчүн ачуум менен кайрылып койдум. Эртеби-кечпи бул киши ушул сөздөрдү укмак болчу. Эч ким суранбаса деле «ушул он-он беш киши айтып жатат» деп жагалданууда. Бул - аткаруу бийлигине адвокат болуп жагынам (!) деп кандай сүйлөсө, ошонусуна жараша жооп алды. Бирок, ал кишиге жеке жек көрүү сезимим деле жок.
--Жаңы өкмөт башчыны шайлап алдыңыздар, жаңы өкмөт тууралуу сиздин пикир кандай?
--Жаңы өкмөт бул - алы жок, жаны жок, ооруканадан чыгарып койгондой эле өкмөт. Беш айлык техникалык өкмөт. Аборт менен алган балага окшош. Бирок, башка жол жок болчу. Кетип калгандан кийин калган ишин акырына чейин алып чыгыш керек. Бул өкмөткө анчалык деле ишеним менен кароонун кажети жок.
--Жаңы өкмөттү шайлоодо каршы добуш бергениңизди көрө алган жокпуз го?..
--Мен добушумду берген да жокмун. Добуш берүүгө татыксыз эле иш бодду.
Булак: АЗИЯnews