www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Быйыл май айында эле кыргыз-тажик чек арасында үч окуя катталып, бир нече адам жаракат алды. Биз чек араны чыр чыкканда гана эстеп, башка учурда унутуп жаткан жокпузбу?

--Чындыгында чек ара маселесине көңүл бурулбай калган. Эгемендик алган 1990-91-жылдары коррупция жок, кошуна мамлекеттер, анын ичинен биз дагы «эркиндикке жетиштик» деп кубанып жүргөн учурда бул көйгөй жеңил чечилмек. Бирок ал жылдары биздин жаңы келген жетекчилер чечпей коюшту. Кыргыз, өзбек, тажиктер өмүр бою бирге жашап келген элбиз. Анткен менен көз карандысыздыкка жетишкенден кийин ар бир мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы пайда болуп, көбүрөөк жер алып калууга аракет жасалып жатат. Ошондуктан, делимитация, демаркация иштерин тезирээк чечпесек, уруш-талаш улана берет. Чыр чыккан жерлер белгилүү, өзгөчө Сохтун, Шахимардандын тегереги, Баткен районундагы Ворух, Мачайы, Көк-Таш деген айылдарга, Лейлек районундагы арканын жанындагы көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, Тажикстандагы Мургаб, Жерге-Тал аймактарына алмашууга баруу шарт. Ал жакта жашаган кыргыздарга ачык эле кысым көрсөтүүлөр болуп турат.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жерлерди алмашууну эртелетпесек, эртеңки күнү достук, кошуналык идеялар жоголот. Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июндагы Улуу Жеңишке арналган парадды көрүп келүүгө макул болуп, Москвага барганы турат. Менимче, ал жакка Тажикстандын мамлекет башчысы да барат. Ошол жактан коңшу өлкөнүн президенти менен сүйлөшүүгө убакыт таап, маселени чечүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм.

--Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалда Орусия ортомчу болуу ниетин билдирген. Маселе үчүнчү мамлекеттин кийлигишүүсүз чечилбейби?

--Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров аябай жакшы идеяны айтты. Бирок, бул билдирүүгө коңшу Тажикстан тескери реакция жасады. Алар «биздин ортодогу маселе менен силердин ишиңер эмне?» дегендей жооп берди. Көрдүңүзбү, алардын позициясы кандай? Орусия мүмкүн бир аз эрте айтып койду, бирок бул абдан туура. Мисалы, бизди СССР убагында орус элинин кадрлары башкарып турду, башка улуттагылар аралашкан жок. Ошондуктан, бүгүн да чек ара көйгөйүн чечүүдө Орусиянын жардамын алыш керек деген ойдомун.

--Өзүңүзгө белгилүү болгондой, жакында эле кыргыз-өзбек чек ара аймагында булак талаштан чыр чыккан. Ушундан кийин вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун «булак тактала элек аймакта жайгашкан» деп айтканы нааразы пикирлерди жаратты.

--Анда вице-премьер-министр Мадумаров шашып, ойлонбой туруп сүйлөп койду. Кадамжай районундагы «Кадастр» жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү, адис Абубакир Миталипов жер жөнүндөгү документтерге таянуу менен булак Кыргызстандын аймагында орун алганын айтып жатпайбы. Мына ошонун негизинде иш алып барыш керек. Мен «Хайдаркан» ишканасында иштеп турганда атайылап барып көрүп келгем. Бул уникалдуу, кызыктуу булак. Андан 100 метрдей нары жакта тажиктердин үйлөрү орун алган. Булак толугу менен Чечме айылына суу берет, жарымы тажиктерге кетет. Өзбекстандын аймагындагы Сохто жалаң тажиктер жашайт. Бул аймактарга этият мамиле жасаш керек. Анткени, Сох аймагы бизге өтө көп маселе жаратып келет. Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев кылган иштерине караганда, абдан түшүнүктүү, билимдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору адам көрүнөт. Алар менен тил табышып, элди чыр чыккан жерлерден көчүрүш керек. Өзгөчө Чечменин жээги жана Баткен районуна караштуу Согмент, Газ, Чарбак деген үч айылды. Ал эми Сох району Өзбекстан үчүн анчейин пайда келтире турган деле район эмес. Менин оюмча, тескерисинче, бул чыгашалуу аймак. Ошон үчүн алар алмашуу жолуна барат. Менин эсимде, Фергананын, Кокондун тегерегинде бир топ кыргыз айылдары бар, ошол жерлер менен алмашса болот.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости