www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аскар Мамин кесиптешин премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, ага жогорку мамлекеттик кызматта жемиштүү иш алып баруусун каалады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министр кызматына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага 105 депутат добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости