www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кубатбек Боронов убагында "ЖЭБ-2" конушундагы жерлерди трансформациялоону убада кылган, бирок Жапаров бул жерлерди өзүнүн токтомуна киргизген эмес", - деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.
"ЖЭБ-2" конушундагы турак-жай салынып калган жерлердин трансформациялоо маселесин көтөрүп митингге чыгышты. Мен ушул жердин жашоочулары менен эки жылдан бери иш алып барам. 2019-жылы Боронов вице-премьер-министр кезинде макулдук берген эле да. Быйыл июнь айында биз күзүндө бул боюнча мыйзамга киргизебиз деп убадасын берген. Кечээ Садыр Нургожоевич трансформация боюнча мыйзамга кол койду. Бирок алардыкы кирбей калган. Алар 15 жылдан бери жашап жаткан үйүнө документ ала албай келишет. Жерлерди басып алган байлар жерлерин мыйзамдаштырып алды. Ал эми аталган конуштун жашоочулары өз үйүндө "квартирант" болуп жашап жатышат", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg