www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Түркиянын талабын орундатса, ортодогу таарынычтар жазылат

Кыргызстандын президенти С. Жээнбековдун 9-10-апрель күндөрү Түркияга жасаган расмий иш сапары жемиштүү болду десек болот. Анткени эң оболу эле аны Анкарадагы “Эсенбога” аэропортунан вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алып, андан ары кортежди 40 атчандын бийлик имаратына коштоп баруусу чоң сый-урматтын белгиси.  Эмнегедир С. Жээнбеков Р. Эрдоган менен кучакташып же өбүшүп учурашпагандыгы да айрым социалдык түйүндөрдө талкууга алынды. Балким, бул жагдай эң оболу мамлекеттин, андан кийин элдин аброюун сактаган кадыр-баркынын бийиктигидир.

Бул иш сапар С. Жээнбековдун боордош өлкөгө алгачкы иш сапары катары гана эмес, 2016-жылы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийинки эки өлкөнүн ортосундагы салкын мамилелерди калыбына келтирүү вазийпасы жүктөлгөндүктөн да маанилүү болууда. Баарыбызга белгилүү болгондой, ошол кутумчулук үчүн расмий Анкара азыр АКШда жашап аткан Фетхуллах Гүленди айыптап келүүдө. Көпчүлүк түрк тилдүү жана боордош мамлекеттер “Феточу” деп аталган Гүлендин тарапташтарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Тилекке каршы бир гана Кыргызстандын ошол кездеги бийлиги “Биз өзүбүз билебиз, ички ишибизге кийлигишпегиле...”,- деп моюн толгоп койгон. Бир гана Ф. Гүлендин “келечектин алтын мууну” деп саналган “Себат” билим берүү мекемелерин “Сапат” деп өзгөртүп койгон. Албетте, Түркиянын бийлиги кыргыз тараптын мындай салкын, тоңмоюн жана тоотпогон мамилесине нааразы болуп, өз өкмөтүнүн техникалык жардам көрсөткөн ТИКА уюмунун ишмердүүлүгүн убактылуу тыйып койгон жана бийлик менен мамилесин токтоткон. Бирок Анкара Кыргызстанда бийлик алмашуусун күтүп, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

Ошол ыңгайлуу учур С. Жээнбековдун бүгүнкү расмий иш сапары болуп саналат. Андыктан Р. Эрдоган “Себаттын” ишмердүүлүгүнө тыюу салып, мындан тышкары да Ф. Гүлендин бизнес, кайрымдуулук жаатындагы долбоорлорун биротоло токтотууну ачык эле талап кылды. Ал Түркия баштан өткөргөн окуя эртеби-кечпи Кыргызстандын да башына түшөрүн да эскертти. Бирок С. Жээнбеков бул маселе тууралуу ак да, көк да деген пикирин билдирген жок. Демек, ал алгачкы кадамды жасап, кыргыз мамлекет башчысына чоң суроо берди. Эгер ушул талап аткарылса, анда эки өлкөнүн муздай түшкөн мамилеси кайра калыбына келип, кол коюлган социалдык, экономикалык документтер ишке ашырылмакчы...

Эмилбек Момунов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости