www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саат 16.00гө чейинки шайлоочулардын саны айтылды

Саат 16.00гө карата 1 миллион 296 миң 978 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 36,81 пайызын түзөт. Кыргызстанда парламенттик шайлоого быйыл 3 миллион 523 миң 554 жаран катыша алат.

Аймактар боюнча статистика:

Бишкек — 181 090 же 36,39 пайыз;

Ош — 81 095 же 45,06 пайыз;

Жалал-Абад облусу — 250 040 же 38,84 пайыз;

Ысык-Көл облусу — 96 955 же 33 пайыз;

Нарын облусу — 66 231 же 37,59 пайыз;

Ош облусу — 252 903 же 37,05 пайыз;

Талас облусу — 57 003 же 38,25 пайыз;

Чүй облусу — 212 686 же 36,25 пайыз;

Баткен облусу — 94 692 же 33,31 пайыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости