www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өгөй атасы тарабынан сабалган баланын энеси күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу аялдын адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирди.
6 жашар баланы сабаган 33 жаштагы киши кармалып, ал Сокулук РИИБне алынып келинген. Баланын энеси бул жөнүндө билгенден кийин тосмо арыз жазмай болду дейт адвокат.
Жабыркаган баланын апасы Эркайым күйөөсүн кечирип экөө элдешишти. Ал биринчи баласын төрөгөндө мурдагы күйөөсү таштап кеткен. Боюнда бар Эркайым бул жолу дагы экинчи баласын атасыз тарбиялагысы келбегенин билдирген.
Эске сала кетсек, Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Поле-Чудес конушунда 6 жашар баланы өгөй атасы сабаган деп шектелип кармалган.
Булак: NazarNews.kg