www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист, саясатчы Сабыр Муканбетов "АЗИЯnews" гезитине маек берип, дүйнөдөгү саясый кырдаалга токтолгон. 

— Сабыке, убагында митинг-пикеттерде, жөө жүрүштөрдө көп эле жүрдүң го, ал күндөрдү сагынасыңбы?

— Биздин муун ошондой доор алмашкан, бир эсе кызыктуу, ары катаал мезгилге туш болдук. Бай-кедейи жок, “коммунизм курабыз” деген ишеним менен жашаган теңчиликтүү коомдо төрөлүп өстүк. Аны көрдүк. Анан эле жаркын келечекке деген үмүт үзүлүп, СССР деген улуу империя кыйрады. Эки ортодо эгемен эл болууга жетишип, эзелки заманда жоготуп алган мамлекеттүүлүгүбүздү кайра кайтарууга жетиштик, муну көрдүк. “Өзүбүзчө ынтымакта болсок эле өнүгөбүз, тез эле демократия курабыз, Швейцарияга айланабыз” деп талпындык, прихватизация, таламай-тономойго кирип кеттик, коомубуз бай-кедей болуп бөлүнүп, уят-сыйытты жыйыштырып, уурукески башка чыккан дикий капитализмди да баштан өткөрдүк. Эмнени гана көргөн жокпуз? Ачуу-таттуунун баарынын даамын татып, эми-эми баш-аягыбызды жыйып келе жатабыз. Ошол бирөөгө узун, бирөөгө кыска жолдо канчалаган митингпикет, жөө жүрүш, төңкөрүштөр орун алды. Ага жалгыз эле мен сыяктуулар эмес, активдүү, пассивдүү түрдө жалпы эле элибиз катышты да. “Өлүп көрүптүрмүнбү...” дегендей, андайды мурдакийин көрбөгөн элибиз эки тизгин бир чылбыры колго тийгенде апкаарып, кайсалап калды. Бирок жатып алган жок. “Билермандар” көп экен бизде. Ызы-чуу, талаш-тартыш башталды. Алигиче токтой элек. Бирок Кудайга шүгүр, оңкобуздан түшүп, омурткабыз сынган жок. “Эми кандай кылабыз, каякка барабыз?” деген суроого али деле жооп издеп, жол издеп, негизинде, адилеттүү, теңчиликтүү, бардар, бакубаттуу коом куруу аракетин көрүп келе жатабыз. Талаш-тартыш, кагылыштар болду. Азыр да уланууда. Каякка баратабыз, туура жолдобузбу? Бул суроого дагы деле так жооп жок. Анткени бул түбөөлүктүү суроо тура. Ал күндөрдү сагынам деп айта албайм, өмүр кыска тура, тез өтүп кеткени гана өкүнүчтүү. Ал эми талаш-тартыштар болуп турганы жакшы, ансыз коом өнүкпөйт. Бирок чынын айтсам, биздин жаш кездегидей экстремалду талаш, кагылыштар болушун каалабайм. Акыл токтотуп, маданияттуу түрдө баарлашуу деңгээлине жетишибиз керек.

— Эл аралык тема, геосаясат тууралуу учкай кеп кылалы. Трамптын президенттик кызматка киришүүсү менен РоссияУкраина согушу кандай жагына өзгөрөт?

— Шайлоо учурунда Трамп: “Мен шайланып калсам, согушту 24 саатта токтотом!” дегени бүт дүйнө жүзүнө тараган. Ал сөздөр турмуш реалдуулугунан алыс шайлоо риторикасы экенине карабай талкууланып, ишеним арткандар дагы деле бар. Менимче, ал сөздөрүнүн ишке ашарына Трамп өзү деле анча ишене бербесе керек. Себеби, учурдагы фронт линиясы боюнча атышууну токтотуп, “ары жагын сен ал, бери жагы бизге калсын” деген формуласына Россия эзели макул болбойт.  

Батыштын айрым лидерлеринин “Россия менен биз чоочун колду колдонуп (Украинаны) согушуп атабыз, орустар согуш талаасында жеңилиши керек. Биздин максат – Россияны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылуу” деген сыяктуу ачылууларынан кийин бул согушту Россия-Украина согушу катары кароо макоолук эле болуп калат. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” коюп, анан “Россия баштады, алар күнөөлүү, агрессор” деген пластинканы тегеретип аткан АКШнын ырына дүйнө коомчулугунун көпчүлүк бөлүгү эбак ишенбей калган. Согуш талаасында Россия армиясын талкалай албастыгына көздөрү жетип, жаңжал чыгымдары оорчулук апкеле баштагандан улам, кайра күчтөнүп алуу үчүн тыныгуу керек болгон Батыш лидердеринин арам айласын Владимир Путин көрүп, дүйнөгө бир нече ирет ачыктады. Ал Россиянын батышына НАТО аскердик инфраструктуралары жайгашып, РФ коопсуздугуна кайрадан шек келтирүүчү жагдай сакталып калышына жол бере албайт. Владимир Путин Батыш менен коопсуздук маселесин толук чечмейинче эч кандай согушту убактылуу “тоңдуруу” сунушуна көнбөстүгүн ачык айтып, болбосо чоң согуштан да кайра тартпастыгын билдирип жатат. Андыктан, бул согуш дагы канчага уланарын, качан токторун алдын ала айтуу кыйын. Медиа айдыңда деле көзү ачыктардан башка так айткандар жокко эсе. Керек болсо “согушту токтотом” деген Трамп деле глубинный государтвонун таасирине көнүп, согушту күчөтүүчүгө айланып калышы мүмкүн. Кептин баары “Американы кайрадан великий кылам” деген сөздө жатат. Ал эмне деген сөз? “Баарыңар баш ийесиңер, биздин эреже менен жашайсыңар, тактап айтканда, баарыңардан рента алабыз, силердин эсебиңерден жашайбыз” деген эле сөз. А Россия андайга эзели көнбөйт, себеби суверендүү өлкө. Көз каранды болгусу келбеген элдин катары күндөн-күнгө өсүп баратканын көрүп атасыңар. Так что, Украина не причем, ал байкуштар жөн эле отун. Бул глобалдуу кармаш. Же англосакстар көчүгүн кысып, адамзаттын канын соруусун токтотот, же үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып, адамзат курут болот.

Сурат Жылкычиев "Азия Ньюс" гезити

Последние новости