www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда өтө оор кырдаал түзүлдү. Дүйнө катуу бөлүнүп-жарылып, өзгөрүп атат. “Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң” деген заман. Талтайып туруп күн көрө албайсың, чатың айрылат. Бир жээкти тандоо керек. Кандай тандоо кыласың – ошондой күндү көрөсүң.

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы боюнча кыргыз коомчулугу да дүргүп, АКШны жактагандар, Россияны мактагандар желек көтөрүшүп, кайра-кайра көчөгө чыгышып, алигиче коом ичинде кайым айтышуулар уланууда.

Кыргызстан ОДКБ, ЕАЭБ алкагында Россия менен союздаш, стратегиялык өнөктөш өлкөбүз. Саясый жагынан толук эгемендүү, тең укуктуу союздаш болгонубуз менен экономикалык жактан абалыбыз начардыгынан улам жардамга муктаж, б.а. көз карандылыгыбыз бар экенин тана албайбыз.

Күйүүчү май 100%, дан эгиндеринен 51% (Казакстандан 40%, өзүбүз болгону 6-7%), башка тамак-аш, курулуш материалдары жана көптөгөн элге керектүү товарларды Россиядан ташыйбыз, экспортубуз негизинен орус рыногуна чыгат.

Жыл сайын бюджетибизге жардам алабыз, бир миллионго чукул жарандарыбыз Россияда эмгектенишип, 2 млрд. доллардан ашык акча салышып, үйбүлөлөрүн багышууда. Муну жалпы кыргыз билет, ошондон улам элибиздин негизги көпчүлүгү орус менен союздаштыкты жакташып, коңшу менен кол үзбөй достукту арттырууну көздөшөт.

Орус дегенде кучунашы кармап, Америка менен Батышты колдоп, Россиядан кол үзүп, бажы биримдигинен чыгууну талап кылган ашынган руссофобдор да жок эмес. Учурда Украинанын аймагында Россияга каршы АКШ менен НАТО болгон санкцияларын, каражатын, курал-жарагын салып, Россияны алсыратып, кыйратуу аракетин көрүп жатат.

Өткөндө Садыр Жапаров өлкөбүздүн Украина жергесиндеги чабышка тийгизе турган таасирибиз деле жоктугун, чабалдыгыбызды, орус да, украин да бизге бир тең, бир тууган экенин эскерүү менен нейтралдуу позицияны карманарыбызды айтып, согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу сунушун билдирген.

Ичтеринен сөз менен болсо да колдоо күткөн орустар нааразычылыгын ачыктабай, “болуптур, силерден эмне, чын эле алсызсыңар да, убакыт келип жалдырайсыңар, ошондо “силер нейтралсыңар, союзник экениңерди эми эстедиңерби?” деген да күн келет” дешип, ичинен тынышты.

Негизинен кыргыз президентинин сөзү эки ортодогу мамилени жайкагансып, ошону менен түшүнүшкөнсүп, маселе кандайдыр бир деңгээлде ырбабай тургансып, прозападдык жарандарыбыздын орусту күнү-түнү боктоп, союздаштыктан чыгуу талаптарына көңүл бурулбагансып эле калганбыз.

Бирок АКШдан 150 млн. доллар алганыбыз, Донбасс тууралуу документалдуу кинолордун прокаттан алынышы маселени кайра жандантып, орус коомчулугунун нааразычылыгын туудурду. АКШдан алган акчага анча деле көңүл бурулбаган менен маданият министрлигинин Донбасс тууралуу фильмдерди прокатка чыгарбоо чечими орустарга катуу тийип, орус телеканалдарынан нааразычылыктар айтылды.

“Жардам берерде союзник катары кол суна албаганыңарга макул, алсыз экенсиңер, а бул Донбасстын элинин 8 жылдан берки көргөн кордугун жалпы коомчулукка көргөзбөй, көзүңөрдү жумуп, кулагыңарды жаап, төөкуш болуп башыңарды кумга тыгып, чындыктан качканыңар кандай? Силер союзник эмес эле душманча мамиле кылдыңар, эми шашпагыла!” деген эле эскертүүдөй туюлду.

Эми убакыттын өтүшү менен Путинди колдогон орус коомчулугу да жооп иретинде кандайдыр бир аракеттерди көрүп, натыйжада биздин экономика оор жоготууларга кептелип, ошол оорчулуктун баары элибиздин жонуна түшүп, катуу кыйналышыбыз толук мүмкүн. Мунун баарын кылган ким? Проамерикалык жарандарыбыз, арыбери жүгүрүп, министрди кысып атып ушуну жасашты.

Аларды Американын кураторлору ошого шыкактап отурушуп, ушуга жеткизишти. Себеби, Америка Украинадагы кырдаалга орусту күнөөлөп, “согуш орус агрессиясынан башталды” деген ойду дүйнөгө таңуулап жатат.

Согуш 8 жылдан бери жүрүп, Украина армиясы менен нацбаттары Донбассты аткылап, бомбалап 14 миң адам, анын ичинде 500 жаш балдар өлүп, Донецк, Луганск облустарынын эли жертөлөдө отурганын дүйнө элдери көрүшүн каалабайт, Батышты маалымат жактан толук блокада кылгандай биздин элге да 8 жылдык согушту көрбөсүн деп жатышат.

Ошентип проамерикалык НПОлор аз да болсо максаттарына жетишип, орус-кыргыз мамилелеринин ортосуна от койгонго жетишишти. Эртең кыйынчылыктар башталганда, ушуну кылгандар өз күнөөлөрүн эстеп, “элге убал кылдык” дешеби? Жок. Эч тийешеси жок адамдардай, “көрдүңөрбү, орустан жакшылык жок деп айттык беле, айтканыбыз келдиби?! Мына эми накта союздаштыктан чыга турган убак бышып жетилди!” деп кыйкырып чыгышат.

Азыр “Украинадан кийин биздин кезек, эми бизге кол салышат” деп кыйкырып атышат. Арам ойлору ишке ашып, биздин бийлик НПОлордун тилине кирип, Россия менен союздаштыкты үзүп, ачыктан-ачык Россиянын душманы АКШ тарапка өтсөк, Кыргызстан оруска кол салуучу плацдарм болуп, душманга айлансак, украиндер көргөн күн биздин башыбызга да келиши толук мүмкүн.

Бизге ошол керекпи? Же союздаштар менен араздаштырууну козуткандарды жоопко тарта турган мыйзам керекпи? Ошону ойлой турган бийлик барбы өзү? Маданият министри өзү билип чечтиби?

Же артында Садыр Жапаровдун жылма макулдугу барбы? Коңшулар менен ынтымакта, биримдикте, стратегиялык өнөктөштүктө болуу керектигин сезип саясат жүргүзбөсөк, мамлекет катары сакталып калуубуз өтө күмөндүү.

Океандын ары жагындагылардан кандай жардам? Бизге керектүүнү самолет менен ташып келип береби? Анча самолету да, берчү ГСМ менен буудайы да жок. Өздөрү орустан импорттоп алат. Айтор, “эки тоонун чөбүн самаган эчки ачтан өлүптүр” дегендей болбосок болду...

Булак: Азия News гезити

Последние новости