www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туйгуналы Абдраимов кармалды

30-апрелде УКМК өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимовду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Туйгунала Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95% акциясы өзүнө таандык болгон «Кайнар» ЖАКна аянты 11,2 га болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.

«Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, «Кайнар» ЖАКы 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардыкэкологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом «Кайнар» ЖАКка төлөп турган.

Бирок, «Кайнар» таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жол кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

30-апрелде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча алдын ала квалификациялоо менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Т.Абдримов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости