www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун чыгышка жылуусун токтотпосо СССРдей болуп кыйраарына көзү жеткен Орусия жатып өлгөнчө атып өлүүнү чечти. Мындай пикирин саясат талдоочу Сабыр Муканбетов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Украина бийлиги ал жакта жашаган орустарга орус тилин «запрет» кылып, орустарды «некоренной народ» деп, фашизмди жеңген баатыр ата-бабаларынын эстеликтерин уратып, Гитлерге «пособник» болгон Бендера, Шухевич сыяктуу нациктерди баатыр деп окутуп жатканга кантип макул болушат.
Эмне болсо ошо болсун, курсак ток, кара жаным аман болсун деш керекпи?
Ошого макул болбогон орустар: «Андан көрө атышып өлгөн артык» - дешип 8 жыл согуш болду. 15миң адам өлдү. Украин бийлиги кой дегенди укпай, НАТОго кирип, анын ракеталарын аймагына жайгаштырмай болду.
Орус коопсуздугуна тикелей коркунуч туулду. НАТОнун чыгышка жылуусун токтотпосо СССРдей болуп кыйраарына көзү жеткен Орусия жатып өлгөнчө атып өлүүнү чечти. Бирдиктүү батыштын санкциялары экономикасына оор залал алып келээрине да кайыл болду. Туура кылды. Өмүр менен өлүм маселеси турганда кайдагы экономика...
Эгерде биз, мисаалы, түштүктөгү өзбектерди булар жергиликтүү эл эмес деп, өзбек тилин колдонууга тыйуу салган мыйзамдарды кабыл алсак, алардын ата-бабасын кордоп мазактасак анда Өзбек туугандар дагы – «биз мындай кордукка чыдабайбыз, өз алдынча болобуз, андан көрө өлгөнүбүз артык» - деп көтөрүлөт, колдоочулар табылат, согушат бөлүнүп кетет. Күнөө бизде болот.
Украина бийлиги коңшусуна ор казып, душманга колтук ачты. Орусияны СССРдей ыдыратып талкалоону көздөгөн Англосакстарга акчага сатылып, боордош элине кол салчу плацдармга айланды.
Өзүлөрүнө өзүлөрү кылды. Кол менен жасаганын башы менен тартып атат. Сооп эле болду, эми мыкаачы нациктерди бирден терип сот жообуна тартыш керек», - деп белгилеген Муканбетов.
Булак: NazarNews.kg