www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвия орусиялыктарга виза берүүнү токтотту

Орусиянын Донбасстагы аскердик операциясына байланыштуу Латвия орустарга виза бербейт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Орусиянын Украинадагы агрессиясына байланыштуу, мен Латвиянын Орусиядагы элчисин консультациялар үчүн чакыртып алуу, ошондой эле өзгөчө гуманитардык жагдайларга байланыштуу учурларды кошпогондо, Россия Федерациясынын жарандарына Латвия визасын берүүнү токтотууну чечтим», - деди ал. Латвиянын Орусиядагы элчиси — Марис Риэкстинс.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости