www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир убакта тентектик кылып азыр мамлекет башында тургандардын тумшугун жара койгон Сулайманов Алтынбек деген бар? Анын муштумунун салмагы сайдын ташындай ал кездеги президент Атамбаевке каршы турган адамдарды элдин көзүнчө ыза кылганы үчүн аны Атамбаев даңазалап «Алтын бала» деп эркелетип, өз алдынча «Республикадан» бөлүп «Бир бол» партиясын түзүп берип, элиталык бийликке кошкон. Канча акча бергенин ким билет, бир Атамбаев, бир Сулайманов эле билбесе. Бирок, Атамбаевдин башына күн түшкөндө Жээнбековдун колтугуна кире качып, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, камаш керек деп божурап чыккан. Эми тумшугун талкалатып алгандар Ысык-Көлгө губернатор кылышты. Ал    «Республикадан», «Бир болго» келгенде Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев деген эски көпөстөрдү топтоп алган. Бул шайлоодо «Бир болу» өтпөсүнө көзү жетип, «Альянска» өтө качкан.

 «Тентек» Сулайманов Түлөбаевче президенттин колун кысып, бетинен өөп ыраазычылыгын билдиргени элге жайылды. Бир убакта Ысык –Көл облусуна Балбак Түлөбаев губернатор болгондо президент Жээнбековдун колун кысып, бетинен өөп ыраазычылыгын билдирген, эми аны Алтынбек Сулайманов кайталады. Президенттин жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин өзүнүн пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

Урматтуу мекендештер!

Мен, ушул күнгө чейин, көп жылдар бою мыйзам чыгаруу бутагында эмгектенип келдим. Менин депутаттык ишмердүүлүгүмө шайлоочуларым жана кыргыз элим баа берээр. А бүгүн, мен өз күчүмдү аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү чечтим. Менин чечимимди президентибиз Садыр Нургожоевич колдоп берди. Мындайча айтканда, мага бийик ишенич көрсөттү. Ошол ишеничти толук актоого бүт күчүмдү жумшайм. Кайсы тармакта, кайсы кызматта болбойун, менин максатым дайыма элиме ак кызмат кылуу, - деди "Альянс" партиясы менен коштошуп "гүбүрнаторлук" кызматка кадам койгон Алтынбек Сулайманов.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Сулайманов Алтынбек Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Атамбаевдин таянычы, кийинки президенттин да ишенген адамы болгон «Бир бол» партиясын илбирстин эмблемасы менен жарыкка чыгарган Алтынбек Сулайманов болгон. Эмне экен азыркы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ага таянып депутат болгон. Анын партиясындагы илбирсттин эмблемасын Казакстандагы эң зор партия «Нур-Отан» көчүрүп алган. Аны жетектеп турган Дарига Назарбаеваны эми бул партиядан сүрүп жатат. Андан кыйын атасы Нурсултан Назарбаев сүрүлүп баратса. Алтынбек Сулайманов «Бир болдон» мурун Бабановдун «Республика» партиясында болуп туруп Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчысына келиши үчүн катуу кам көргөн.

"Мага өкмөт башчы болууну Сулайманов баштаган топ сунуш кылган" деген саясатчы Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнө Алтынбек Сулайманов жооп кайтарган. "Бабановдун өкмөт башчысына барарынан кабарыбыз жок болчу. Биз ага эч кандай установка берген эмесбиз» - деп. Өмүрбек Бабанов аман эле болсун! Ал ар дайым бир топтун ийгилиги болсо өзүнө ыйгарат "мен жасадым" деп чыгат, ийгилик болбой калса өзүн четке алып качат. Бир топ партиялар болуп кеңешип премьер-министрликке Бабановдун талапкерлигин сунушташкан. Бабанов кийин мени өздөрү сунушташкан деп айтып жатат. Ал өзү чуркап жүрүп, мен өкмөт башчы болот элем, мен ушул абалдан чыгарып кетет элем деп чуркаган. Ошондой эле баса белгилеп айту нерсе, аны эч ким өкмөт башчысына бар деген эмес, Атамбаев менен митингге чык деп эч ким айткан эмес. Ал жеке өзүнүн жасаган иштери. Бул азыр мунун баарын ал башкаларга оодарып, суудан курук чыгып кетейин деген эле позициясы болсо керек.

Алтынбек Сулайманов "айныды". Кыргызда өзүнө жарашпаган ишти кылган адамды "айнып калыптыр" деп койот. Алтынбекти илгертен спортсмен, чоң муштум, чыр адам катары эл билет. Чын эле ошондой: бала чагынан эле чырбаш болчу, эми такырбашы кошулду. Мурун көчөдө мушташчу, азыр парламентте мушташа калат кээде-кээде. Садыр Жапаровдун маңдайын жара коюп, Алмаз Шаршенычтан Ташиевдерге кордук көрсөткөнү үчүн "Алтын бала" деген алкоо уккан жайы бар.

"Текебаев ким өзү?" - деп Өмүкеми "Конституциянын атасы" экенине карабай катуу сүзгөн. Эрдиги бар, эси жок Бектур балбандын парламентте жарылчу бомбасына дал ушул Сулайманов суу куйуп өчүргөн.Парламентте талкуу катуулап кеткенде калчылдап чыга калчу. Депутатттык чырларды күч менен жөнгө салып, тентек эл өкүлдөрүн кынына киргизчү. Анан акыркы учурларда ушу бала айныды. Жаш кыздар менен бийлеп атканы бар, Ош базарга барып манты жемейи бар. Артисттерге кошулуп алып, вайнер болуп кетти. Океан ары жагынан пиарщик жалдаганбы, билбейм. Алтынбектин тубаса, нукура образынан алыс башка "стиляга", "гламурный" образ жаралды. Же парттизмеге кирген сулуулардын тилине кирдиби, эмне балээ... Ар кимдин айтканы менен боло берсе, 23-февраль күнү музейге трусаңды ил дешет, ага. Баягы эле кайраттуу, күчтүү, бир аз жинди, бирок элге арка бел болгон Алтынбек өчүп жагалданган адамга өткөн.

Азыркы жагалданган оюндарын таштабаса болбойт. Докем айткандай, бовойт....
Ырысбек Жабиров досунан өтөөр пиарчы жок. Жабиров "Арзуда" лагман жеп отуруп эле, пиарынды катырып, стилинди окшоштуруп койот. Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат клип болгон "Кыргыз бийин" өзүң каржылап, дал ошол кыргыз жыттанган клип кыргыз элин дүйнөгө жакшы ракурста таанытпады беле?
2000-жылы алюминийпуруш Мамановду кантип элдин уулу, мамлекеттик деңгээлде ойлонгон ишмер кылып элге алып чыгып, шайлоодон эски динозаврларды жеңип чыкканы эсинде болсо керек...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 
 

Последние новости