www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыке салам! “Той да болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, шайлоо да аяктады. Шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу кеп сал: кандай өттү, нааразычылыктар негиздүүбү, арты кандай уланат деген ойдосуң?

- Бул шайлоо мурунку шайлоолордон өзгөчө болгондугу ачык көрүнүп турат, биз айтпасак, эл көрүп, эл айтып атат. Акча таратуу, элди ташып келүү, админресурстардын кийлигишүүсү сыяктуу ыплас жоруктардын кескин кыскаруусу (жокко эсе болушу), “шайлоо таза өттү” деген жалпы коомдук пикирди жаратканына күбө болдук.

БШКнын серверинин өчүп-жанып атканына байланыштуу “сбой болду, бузулду, фальцификация жасалып атат” деген тараптардын ызы-чуусу да “шайлоо таза өттү” деген элдин ишенимин буза алган жок. Утулган тараптардын дооматы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болбогону ошондон.

- “Он чакты партия өтүп аткан, серверди өчүрө салып эле оңдоп, биздикин азайтып салышты” деп жатышкандары кандай?

- Бюллетень салгандардын саны көбөйгөн сайын партияларга салынган добуш да пропорцианалдуу тегиз, бирге өсүп отурбайт да. Добуш алгандардыкы өсөт, добуш албагандардыкы жалпы катышкандардын санына карата кескин азая түшөт. “Андай жол менен фальцификация жасалды” деген күндө чоң көйгөй жаралат. Анткени сервердин жыйынтыгы эмес, кол санактын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат эмеспи.

- Кол санактын жыйынтыктары да аяктаганы белгилүү болду. Нааразы тараптар тынчыбай жатат. “Элдик парламент түзөбүз, митингге чыгабыз” деп чуулдашууда. Нааразычылыктар кандай өнүгөт, кандай аяктайт деп ойлойсуң?

- Кол санактын жыйынтыктары аяктады. 400 добушка чамалуу айырмачылык чыкты. 400 добушка тийешелүү участокторду жокко чыгарганда да жалпы жыйынтыкка таасирин тийгизе албайт.

Анткени шайлоого катышкандардын санынын 0,03%ынан да аз. Бирок, мындай мизердик айырманын чыгышы, албетте, жакшы эмес. Айрым жерлерде кийлигишүү, бурмалоо аракеттери болгонун билдирет жана ошол эле учурда кол санактын жыйынтыгын бурмалоочу ири фальцификациянын болбогонунун далили катары да эсептесек болот.

Анткени бурмалоо болсо 100% окшотуруп эле жасап салышмак. Анүстүнө антип түгөл бурмалоо кыйын иш, мүмкүн эмес. Ошончо миң участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн баарын ушундай чоң кылмышка – элдин чечимин бурмалоого тымызын аралаштырып, бюллетендерди оңдоп, алмаштыруу акылга сыйбайт.

Ал жердеги байкоочулар эле эмес, комиссия мүчөлөрү деле тегиз макул болбойт да мындайга. Бул тез эле ачыкка чыгып калат. Нааразы тараптардын дооматтарын уксаң деле, илгеркидей “кошумча бюллетендер басылып, түп-тамырынан бери оңдолуп, алмаштырылды, ири фальцификация жасалды” деген айыптоолор айтылган жери жок.

Эл деле “утулгандар, тынчыгыла” деп, шайлоонун жыйынтыктарын таанып жатат. Эми утулгандар, албетте, нааразы болот. Алардын көбү саясатчылар. Саясатын парламенттин сыртында, көчөдө улантышат. Элдик парламент, коомдук парламент – биз бул жолду басып өткөнбүз. Андыктан жыйынтыгы мурункудай болуп тополоң менен аяктоосуна жол бербешибиз керек. Тажрыйба бар да. Ошол маанилүү азыр.

- Шайлоодо утулган партиялар, алардын тарапташтарынан тышкары, карапайым көпчүлүк ичинде да азыркы бийликтин аракеттерине ичи чыкпай, нааразы боло баштагандар арбып баратканы байкалууда. Бийлик саясый туруктуулукту кантип сактап кала алат?

- Шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу нааразычылыктар жалпы коомдук нааразычылыкка айланган жок. Бирок, бул шайлоодо көп нерселер ачыкка чыгып, катуу сөздөр айтылды. Каяша айтуулар, күчкө салып колду кайруулар көбөйүп кетти. Бул жакшы эмес. “Бети ачылып калды” деп коёт кыргызда.

Бул бийликтин келгенине деле бир жылдан ашты, “жаңы эле келишпедиби, кой уят, коё туралы, кичине күтөлү, эл туура түшүнбөйт” деген убакыт бүттү. Эми каяша, сын пикир айтуу көбөйөт. Көчө оппозициясы биригип, күчтөнгөндөн күчтөнүп, кырдаал татаалдашат.

Анын баарын эле колдорун кайрып, камап чечүү мүмкүн эмес. Экономикада, адамдардын турмушунда позитивдүү өзгөрүүлөр башталып, жакырчылыкта кескин кыскаруу байкалмайынча, нааразычылык күчөп, эл оппозиция тарапка оогондон оой берет да, шишибиз толгондо кайтадан жарылат. Биз эми ошол эски тырмоокту кайрадан бассак ит эле болгонубуз да! Ошого жол бербешибиз керек.

- Туура айтасың Саке. Азыр эми иштеп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин жагдайын оңдош керек. Ушу багытта да нааразычылыктар жок эмес. Министирлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине сын пикирлер, ишенбөөчүлүктөр айтылып жатат. Мурункуларына кошумча, кечээ эле шайлоо боюнча ызы-чуу чыкканда жок болуп кеткенин жазып чыгышты. Биздин ушул экономикалык абалыбыздын оң жолго түшүүсүнө эмне керек? Оңолобузбу деги?

- Сурооңо аягынан баштап жооп берейин. Акылбек Жапаров эфирге чыгып, бакылдап, шайлоо чырына аралашпаса, анан бирөө “жок болуп кетти” десе эле ал жок болуп кеткен жок. Эртең мененки жетиде келип, түнкү саат ондон ашканда үйүнө кетип атканына өзүм күбө болбосом айтпас элем. Ал ошо шайлоого керектүү каражатты, уюштуруу иштерин толук жөнгө салып коюп, так ошол сен айткан экономикалык көйгөйлөр менен алышып ордунда эле отурду.

Экинчиден, бийлик тарабынан шайлоо процессин көзөмөлдөө коопсуздук кеңешине жүктөлгөн. Эми Акылбек Жапаров тууралуу айтылып жаткан сын пикирлер боюнча... Соцтармактарда боюна, оюна асылуу, “жалпайта чабалы, антели, минтиш керек” деген шылдыңдоолордон башка эчтеке көргөн жокмун.

Аскар Акаев баш болгон бир топтордун “Акылбек баарына аралашкан, ошол чечкен, күнөөлүү” деген айыптоолору суу кечкен жок. Акылбек Жапаровдун “ошо кездерде Акаев эмес эле мен президент болгондой сезип атам” деген шылдыңына кабылып, эч далилсиз куру сөз бойдон калды.

Чара көрмөккө казып да көрүштү. Кумтөр боюнча комиссиялардын курамында альтернативдүү сунуштары кабыл алынбаганы үчүн комиссиялардын курамынан чыгарылганы белгилүү болду. “Кант МИСИдеги кредит боюнча жоопко тартабыз” дешти эле, ал жакта болгону сооучредитель экен, чуулгандуу кредиттерди башка сооучредителдер Чудинов менен Максим Бакиев алганы аныкталып, жоопко тарта алышкан жок.

“Дамас” отели, ж.б. кыймылсыз мүлктөрү бүт текшерилип, баары таза, чет элдик үлкөн кредитке салынганы, ал жакта да сооучредителдер менен бирге мыйзамдуу аракеттердин негизиндеги иштер экени аныкталды. Анан айлалары кеткенде, “сууга чөкпөйт, отко күйбөйт” деп жинденгенден башка эчтеке калган жок.

Ошонун баарын изилдеп, байкап көргөн Садыр Жапаров анын экономикалык көз караштарын, сунуштарын, ыкчам чараларды көрө билген тапкычтыгын эске алып, кызмат сунуштады деп ойлойм. Акылбек Жапаровду “буга чейин далай кызматтарды аркалады, жыйынтык көргөзө албады” дешет.

Ал болгону биринчи вицепремьер гана болгон. Анын сунуштарына эч көңүл бөлүнгөн эмес. Мамлекеттик машина президенттердин, алардын жакындарынын каалоосун канааттандырууга гана иштеп, премьер-министрлер ошол үй-бүлөлөрдүн гана кызыкчылыгы үчүн иштеп жатса, анын сөзүн ким угат?

Акылбек Жапаров өмүрүндө биринчи ирет чечим кабыл ала турган, сунушун өткөрө ала турган кызматка жетти. Эми ушу сапар жыйынтык чыгара албаса, ошондо гана ага кине койсок жарашат. Ага Кудай чоң шанс берип отурат.

Эски илээшкек, жаманаттылардын баарынан кутулуп, элге ак эмгек өтөп, баарыбыз “бекер эле жаманаттылап жүрүппүз, башынан эле ушуга ишенип бергенде эмне” деп өкүнгөнгө жеткире турган мүмкүнчүлүк алды. Ылайым ошол максатына жетсин!

Мен Акылбек Жапаровду өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери тааныйм, жакшы билем. Анын потенциалы өтө жогору. Кыйчалыш кырдаалдан, татаал маселелерден жол тапканды, командасын шыктандырып иштеткенди билет. Максаты орундалып, тилегине жетсе, элге эле жакшы. Андыктан курулай асылууларды токтотуп, колдоо керек!

Булак: Азия News гезити

Последние новости