www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитетинин жетекчиси алмашты

Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Самат Насридинов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын башка жарлыгы менен аталган комитетке Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.

Буга чейин Кудайбергенов президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Бишкек мэринин милдетин аткарган. 2019-жылдан 2021-жылга чейин Чүй облустук мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости