www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн суткада өлкөдө 53 кишиден коронавирус аныкталып, 54 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 25;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 4.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 863кө жетти. Анын ичинен 178 905 адам дартты жеңген.

Кечээтен бери Бишкек менен Ысык-Көлдө эки адам коронавирустун курмандыгы болду. Жалпысынан оору 2 766 кишинин өмүрүн алган.

Азыркы тапта өлкө боюнча 709 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 363ү ооруканада болсо, 346 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 29 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости